Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Өзбекстанда укук коргоочу дайынсыз жоголду


Укук коргоочу Аликул Саримсоков 3-марттан бери дайынсыз болууда. Анын кесиптештери телефону өчүрүлүп, жашаган жеринде жок болуп жатканын айтууда. Ташкенттин жана Саримсоков туулуп өскөн Жизак районунун полициясы укук коргоочу камакка алынбаганын билдирди.

Аликул Саримсоков Өзбекстандын Укук коргоочулар альянсынын мүчөсү. Бул уюм президент Ислам Каримовдун 29-марттагы шайлоого катышуусун сындап келген. Альянс акыркы күндөрү Ташкентте бир нече нааразылык акциясын уюштуруп, ага Саримсоков активдүү катышкан.

77 жаштагы Ислам Каримов Өзбекстанды 1990-жылдан бери башкарып келет. Бул жолку президенттик шайлоодо да талапкерлигин койду. Өлкөдөгү адам укуктарын кысымга алат деп эл аралык коомчулук өзбек бийлигин сындап келет.

XS
SM
MD
LG