Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:43

Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүшү талкууланат


Жогорку Кеңештин жыйындар залы
Жогорку Кеңештин жыйындар залы

Кыргызстанда парламенттик демократиядан алынган сабактар жана анын келечеги эл аралык адистердин катышуусунда талкууланат. Талкууну Жогорку Кеңеш март айынын соңунда уюштурат. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда илимий конференцияда баяндама жасоочулардын тизмеси такталууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо ар беш жылда өтөт.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында 1995-2000-жылдар аралыгында Кыргызстанда биринчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин эки палаталуу парламенти – Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны иштеген. Мыйзам чыгаруу жыйынынын курамына 35 депутат, Эл өкүлдөр жыйынынын курамына 70 депутат кирген.

Бир палаталуу парламент болуп 2005-жылы иштей баштаган. 2010-жылы Башмыйзам өзгөрүп, парламенттик башкаруу системасы киргизилген. Учурда Жогорку Кеңеште 120 депутат бар. (SE)

XS
SM
MD
LG