Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

"Курманжан датка" Ирландиядагы фестивалда көрсөтүлөт


“Курманжан датка” көркөм тасмасы Ирландияда өтө турган эл аралык “Жибек жолу” кинофестивалына катышат. Иш-чара 18-22-март күндөрү Дублин шаарында өтөт. Бул тууралуу “Айтыш Фильм” киностудиясынан кабарлашты.

Кинофестивалда Азия, Жакынкы Чыгыш жана араб мамлекеттеринде тартылган, мыкты деп таанылган тасмалар көрсөтүлөт.

Кыргыздын чыгаан кыздарынын бири, тарыхый инсан, Алай ханышасы атыккан Курманжан датканын өмүр жолу тууралуу тарыхый тасма буга чейин да бир катар эл аралык фестивалдарга катышкан. (ATu)

XS
SM
MD
LG