Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Путин Кадыровду орден менен сыйлады


Орус президенти Владимир Путин Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровду Ардак ордени менен сыйлады. Тиешелүү жарлыкта Кадыров “Ишиндеги ийгиликтери, активдүү коомдук ишмердиги жана көп жылдык ак ниет кызматы үчүн” сыйланганы айтылган. Бир күн мурда оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмү үчүн айыпталып, беш чечен улутундагы адам кармалган. Алардын бири-Заур Дадаев Кадыров түзгөн милициянын атайын бөлүгүнүн мурдагы кызматкери болгону белгилүү болгон. Рамзан Кадыров “Инстаграммдагы” баракчасына Дадаевди “Орусиянын чыныгы патриоту жана чынчыл мусулман” катар мүнөздөгөн болчу.

Дал ушундай эле жарлык менен Федералдык коопсуздук кызматынын мурдагы офицери Александр Литвиненконун өлүмү боюнча шектелген Мамлекеттик Думанын депутаты Андрей Луговой “Мекен алдындагы кызматы үчүн” деген орден менен сыйланды.

Литвиненко 2006-жылы Лондондо тамактан уулануудан көз жумган. Маркум тамакты Луговой менен жолугушууда ичкен.

XS
SM
MD
LG