“Кургак учукту бирге жеңебиз!” деп аталган акция 1-мартта башталган. Иш-чаранын максаты кургак учук оорусун алдын алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча маалыматтарды элге жеткирүү болуп саналат. Бир айлык иш-чара 24-мартта кургак учукка каршы күрөшүү боюнча Эл аралык күнү жыйынтыкталат.
Кыргызстан кургак учук оорусу боюнча “кара тизмеде”. Өлкөдө кургак учуктун оор формасы менен 6 миң киши катталган. Дарыгерлер акыркы убактарда бул ооруну кенебей жүрүп, өтүштүрүп жиберип, набыт болгондордун саны арбыганын айтышууда.
Өткөн жылы жалпы дүйнө жүзү боюнча кургак учук илдети өрчүп кеткендердин саны былтыр 9 миллионго жеткен, алардын ичинен бир жарым миллиону каза тапты.(ZKo)