Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Чек ара боюнча кыргыз-тажик сүйлөшүүсү өттү


Жака-Өрүк айлындагы кыргыз-тажик жарандарынын чатакташуусунан кийин. Баткен. 8-май, 2014-жыл
Жака-Өрүк айлындагы кыргыз-тажик жарандарынын чатакташуусунан кийин. Баткен. 8-май, 2014-жыл

Өткөн аптада Кыргызстандын вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев башында турган делегация Тажикстанга барып келди. Эки тараптын өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүндө негизинен чек ара маселеси каралды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араларды тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтуусунда, тараптар быйыл аткарыла турган иштерди бекитишти.

Искандаровдун айтуусунда, азырынча тараптар чек ара документтери боюнча орток пикирге келише алган жок. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара боюнча Орусиядагы архивден жакында алынып келинген материалдар боюнча да сүйлөшүүлөр болгон. Бирок азырынча чек араны кайсы бир карта менен тактоо маселеси чечилген жок дейт Искандаров.

Искандаровдун маалыматы боюнча чек ара боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында жумушчу топтор да иш алып барышты. Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Бишкекте болот.

Өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасында түрүү чыр-чатактар көп катталды. Алардын айрымдары тараптардын ок атышуусу менен коштолгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG