Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Самара Токтакунованын мааракесине арналган конференция өтөт


Белгилүү комузчу Самара Токтакунованын 70 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция жана концерт Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында уюштурулат.

Концертте шаардык мэриянын жана консерваториянын улуттук аспаптар ансамбли, “Акак” комузчулар тобу, “Хан Теңири” фольклордук тобу ойношот.

СССРдин жана Кыргызстандын Эл артисти, комузчу Самара Токтакунова - Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, “Манас” ордени жана “Даңк” медалынын ээси, Ленин комсомол премиясынын лауреаты. Мындан тышкары ага көптөгөн эл аралык наам, сыйлыктар ыйгарылган. (AzK)

XS
SM
MD
LG