Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Базар-Коргондо окуучу кыздын өлүмү иликтенүүдө


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районуна караштуу Карача айылынын тургуну, 9-класстын окуучусу Жумагүл Рустамбаеванын өлүмүнө байланыштуу күч органдары тийиштүү материалдарды чогултуп, иликтөө жүргүзүп жатат.

Окуучу кыздын апасы Гүлжан Рустамбаеванын билдиришинче, кызынын асынып алышына мектептеги өзү теңдүү кыздар арасындагы пикир келишпестиктер себеп болгон. Ал эми Карача орто мектебинин мугалимдери Жумагүл жакшы окуган окуучулардын катарында болгонун айтып, анын өлүмүнө үй-бүлөлүк маселелер себеп болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Жумагүл Рустамбаеванын асынган сөөгү 26-февраль күнү өз үйүндө табылган. (AzK\RsK)

XS
SM
MD
LG