Чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү. Бул туурасында “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин депутаты Ширин Айтматова билдирди.
Ал Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин бүгүнкү жыйынында кайсы учурда мамлекет коммерциялык эмес уюмдарды чет элдик агент катары тааный аларына кызыккан. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нуркамил Мадалиев уюмду каржылоо сырттан болуп, алар саясий ишмердүүлүк менен алектенген учурда чет элдик агент катары тааныларын белгиледи.
Депутат Ширин Айтматова мыйзамда тактай турган жагдайлар көп экендигин айтып, мамлекет өзү толугу менен сырткы каржыдан көз каранды болуп турган чакта бейөкмөт уюмдарды кантип чектөө болоруна кызыкты.
Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештеги “Ар-Намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев даярдаган. Алар сырттан каржыланган коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттик көзөмөл керектигин, бул эң ириде коопсуздукка байланыштуу экенин жүйө келтирип келишет.
Буга чейин мыйзам долбоорду Юстиция министрлиги укуктук экспертизадан өткөрүп, аны кабыл алуу максатсыз деп тапкан.
Кыргызстанда жалпысынан 10 миңге чукул бейөкмөт уюм каттоодон өткөн. Бирок анын миңден ашыгы гана аздыр-көптүр туруктуу иш алып барат. Мындан эки жыл мурун дал ушундай мыйзам Орусияда кабыл алынган. Ушундан улам жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар мыйзам долбоор жазгандарды Орусияны туурап жатат деп сынга алып келишет. (AzK)