Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Келдибековдун соту 13-мартта уланат


Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун коомдук жактоочусу, “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүнкүгө белгиленген сот жараянынын башка күнгө которулушуна Келдибеков менен кошо соттолуп жаткан, учурунда Соцфонддо Келдибековдун орун басары болуп иштеген Аманалиеванын адвокаты келбей калганы себеп болду.

Соттук териштирүү 13-мартта уланат. Бүгүн Биринчи Май райондук соту Келдибековдун ишин кыскартуу тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн карамак.

Буга чейин Акматбек Келдибековдун адвокаты ал Социалдык фонддун төрагасы болуп иштеп турганда коррупцияга жол берген деген кылмыш иштин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кыскартуу тууралуу сотко өтүнүч келтирген.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаты Келдибеков коррупция жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып 2013-жылдын күзүндө камалган. 2014-жылдын августунда соттун уруксаты менен чет өлкөгө дарыланууга кетип, Кыргызстанга 10-февралда кайтып келген. (AzK)

XS
SM
MD
LG