Ок атышууну токтотуу макулдашуусу күчүнө киргенден берки үч аптанын жыйынтыгын чыгарып жатып кечээ теледен сүйлөгөн кезинде Петро Порошенко украин күчтөрү майдан тилкесинен ракеталык жана оор артиллериялык системаларынын басымдуу бөлүгүн, орусиячыл жикчилер да “көп сандагы” оор куралдарын алып кеткенин белгиледи.
Оор куралдарды алып кетүү менен буфердик зона түзүү быйыл 12-февралда кол коюлган ок атышууну токтотуу келишиминин негизги талабы.
Порошенконун пикиринде, бул макулдашуунун натыйжасында Киев “агрессордун чабуул жасоо ниетин токтото алды".
Бирок украин президенти кошумчалагандай, ок атышууну токтотуу макулдашуусу күчүнө кирген 15-февралдан бери алар 64 жоокерин жоготкон.
Украинанын чыгышында былтыр апрелде куралдуу жаңжал тутангандан бери 6000ден ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)