Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Ниязалиева: Кыргызстанда гендер саясатын өнүктүрүүгө шарт жетиштүү


Бул туурасында Кыргызстандын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 59-сессиясында билдирди. Ал Кыргызстанда 2020-жылга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча Улуттук стратегиянын багыттары туурасында маалымат берип жатып ушул тапта өлкөдө аялдардын бейөкмөт уюмдарынан жана эксперттерден куралган мобилдүү жана профессионал жамааттары даярдалганын билдирди.

БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын сессиясы кечээ 9-мартта өз ишин баштаган. Кыргызстандан барган делегациянын курамында БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү Т.Кадыров, Кыргызстандын Жогорку Сотунун жетекчи орун басары Г.Калиева жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин гендер саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Н.Бейшеева бар. (AzK)

XS
SM
MD
LG