Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06
Биздин тарых

Майданга катышкан акын

Кыргыз Эл баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин майданда жүрүп жазган "Алдыга жүргүн кыргыздар!" деген ыры "Ала-Тоо" журналынын 1943-жылдагы 12-санына жарыяланган. Ал журналдын ошол кездеги башкы редактору, акын Жоомарт Бөкөнбаевдин колдоосу менен чыккан. Жоомарт Бөкөнбаев майдандагы жаш жигитке ыры журналга чыкканын сүйүнчүлөп, эл-жерин коргоого шердентип кат жазган экен. Бирок бул эки акын, кыргыз элинин чыгаан уулдары жүз көрүшүп сүйлөшкөн эмес... Жоомарт Бөкөнбаев 1944-жылы автокырсыктан каза тапкан. Акын Сооронбай Жусуев атабыз быйыл 90 жашта, Бишкек шаарында жашайт.

Алдыга жүргүн кыргыздар!

Айбаттуу, канкор душманды,
Алдыда турган түнөрүп
Бактысын кыркып кууратып,
Батышка карай сүрөлүк.
Өлөрман душман өрөпкүп
Өмүрү өчсүн түбөлүк.
Ар-намыстуу кыргыздар,
Алдыга жүргүн күүлөнүп.

Касташып душман келгенде
Кайраты ташып кайнаган,
Бирдиктүү кирип майданга
Бир сөзүнөн тайбаган.
Жоокер кыргыз мына биз
Жоого сокку уруучу,
Антына туруп жоо жеңүү
Азамат элдин жумушу.
Чаалыкпас кыргыз жоокерлер,
Чабуулга чыккын жабылып.
Элибиз турат көз салып,
Эрдикти күтүп сөз салып,
Келсе дейт бизди жоо жеңип
Кең Ала-Тоо сагынып.
Согушуп жаткан Армия

XS
SM
MD
LG