Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:15

Беларус Анапияев боюнча иликтөөсүн Кыргызстанда да жүргүзүүнү көздөйт


Беларустун Тергөө комитети Анапияевдин өлүмү боюнча иликтөө-тергөө иштерин Кыргызстандын аймагында да жүргүзүүнү көздөйт. Бул тууралуу аталган комитеттин сайтында жазылды. Анда Тергөө комитети Кыргызстандын тийиштүү мекемелерине укуктук жардам берүү боюнча кайрылганы айтылат.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов бул маалымат менен аталган сайттан таанышканын, бирок азырынча Беларус тараптан расмий билдирүү келе электигин билдирди.

Ал эгер мындай сунуш түшсө кыргыз тарап чогуу иликтөө иштерин жүргүзүүнүн тартибин карап көрүп чечим чыгарарын белгиледи.

Кримтөбөл атыккан Алмамбет Анапияевдин бычакталган сөөгү үстүбүздөгү жылдын 18-февралында Беларустун Минск шаарында табылган.

Анапияев бир топ оор кылмыштарга шектелип 2011-жылдан бери Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн. (AzK)

XS
SM
MD
LG