Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Ирактын аскерлери Тикриттин жанындагы шаарчаны ээледи


Шийит кошуундары ал-Алам шаарчасынын четинде. 8-март, 2015-жыл.
Шийит кошуундары ал-Алам шаарчасынын четинде. 8-март, 2015-жыл.

Өкмөттүк күчтөр жана шийит кошуундары Тикриттин түндүк ыптасындагы ал-Алам шаарчасын бүгүн ээлегенин аскерий колбашчылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү маалымдашты.

Муну менен эми өкмөттүк күчтөр Тикрит шаарына кирүүсүнө жол ачылууда. Негизинен сунниттер жашаган Тикритти “Ислам мамлекети” тобунан бошотууну көздөгөн аскерий операция бир апта ашуун мурда башталган эле.

Мурдагы диктатор Саддам Хусеиндин кичи мекенин “Ислам мамлекети” тобу былтыр жайда басып алган болчу.

Бул аралыкта Ирактагы Күрд автономиясынын коопсуздук күчтөрү - Пешмерганын соңку билдирүүсүнө караганда, алар акыркы күндөрү “Ислам мамлекети” тобунун 100дөй согушкерин жок кылуу менен 100 чарчы чакырым аймакка көзөмөл орнотушту.

Башкача айтканда, күрд күчтөрү азыр Киркукту “Ислам мамлекети” тобунун колундагы ири шаар – Мосул менен байланыштырган стратегиялык өткөөлдү көзөмөлдөшүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG