Ысык-Көл облусунун аймагында кечээ, 10-мартта түшкө маал жер титиреди. Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, күчү 3 баллдык силкинүү Ысык-Көл районундагы Кичи-Өрүктү айылынан түндүк-батышты көздөй 4 чакырым, Чоң-Өрүктү айылынан түндүк-чыгыш тарапка 8 чакырым аралыкта катталды.
Эки айылда тең жердин титиреши 3 балл болуп сезилди. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө коркунуч жараткан жагдайлар болгон жок. (RK)