Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Сокулукта үйүн өрт алгандар башка жайларга жайгаштырылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Шопоков шаарчасында өрт кырсыгынан жабыркаган жарандар убактылуу башка жайларга жайгаштырылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кечээ шаардын Ленин көчөсүндөгү эки кабат үйлөрдүн биринде өрт чыгып, экинчи кабат жана чатыры толугу менен, биринчи кабаттагы 2 бөлмө бүт күйүп кеткен.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин 47 кызматкери катышты.

Кырсыктан жабыркаган 12 үй-бүлө туугандарыныкына, 10 адам Шопоков шаарындагы балдар бакчасына убактылуу жайгаштырылды. (RK)

XS
SM
MD
LG