Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:56

ИИМ: Перинаталдык борбордогу коррупциялык схема аныкталды


Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын “Азаттыкка” билдиришинче, Бишкектеги Перинаталдык борбордо (№4 Төрөт үйү) ири суммадагы мамлекеттик каражатты чыгарып кетүү боюнча коррупциялык схема аныкталды. Ал аркылуу мамлекетке 7 миллион 668 миң сом зыян келтирилген.

Милициянын эсептөөсүндө, 2013-2014-жылдары жасалма фармацевтикалык фирмалардын эсебине көптөгөн акча которулган, бирок Перинаталдык борбордун дарыканасына медикамент түшкөн эмес.

Окуяга байланыштуу Башкы прокуратура мекеменин айрым жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду.

Буга чейин кылмыш жообуна тартылуудан качуу максатында аталган борбордун жооптуу кызматкери тартип коргоо органынын өкүлүнө пара сунуштап, 500 миң сом берип жаткан жеринен кармалганы кабарланган.(AzK)

XS
SM
MD
LG