Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

ИИМ: Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча жаңы версия бар


Маркум Камила Дүйшөбаева
Маркум Камила Дүйшөбаева

Ички иштер министри Мелис Турганбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул окуяны иликтөө иши кайра башынан башталууда. Буга чейинки аты аталган жарандардын кылмышка тиешеси бар экени такталган жок.

Дүйшөбаеванын өлүмүн иликтөө боюнча ыкчам топ түзүлгөн жана ал бардык версияларды карап чыккан. Жыйынтыгында 370 адам суракка алынган.

Бишкек шаарынын 19 жаштагы тургуну Камила Дүйшөбаеванын киши колдуу болгон сөөгү 2014-жылдын 16-мартында шаар четиндеги Байтик айылынан табылган эле. Ушул кезге чейин бул иштин бети ачыла элек.

“Азаттык” маркум Камила менен өлкөдөгү таанымал адамдар байланышта болгонун жазып чыккан. Анын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев бийликте бул иштин ачылбай калышына кызыкдар күчтөр бар деген түкшүмөлүн билдирген. (AzK\EBM)

XS
SM
MD
LG