Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:17

Нарын шаарында өспүрүм кызды зордуктады деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.

Милициянын айтымында, окуя 6-мартта Нарын шаарында болгон. 12 жаштагы кызды зордуктады деп 54 жаштагы адам айыпталууда.

Беш баланын атасы болгон шектүү жаранга карата кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүүдө. (MiK)

XS
SM
MD
LG