Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Дүйнөлүк акча жумалыгы Кыргызстанда да өтүүдө


Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында, бул жылы Кыргызстан Global Money Week глобалдык өнөктүгүнө биринчи жолу толук масштабда кошулуп жатат. Анын максаты – жаштардын банкта аманат кармоо маданиятын тарбиялоо, аларга өз келечегин курууда тең салмактуу финансылык чечимдерди кабыл алуу боюнча маалымат берүү.

Жумалыктын алкагында өлкө боюнча интерактивдүү окутуучу иш-чаралар, тегерек стол талкуулары, семинар, конференциялар, финансылык уюмдарга экскурсиялар уюштурулуп, балдар менен жаштар арасында түрдүү сынактар өткөрүлөт.

Ушул тапта финансылык сабат боюнча www.finsabat.kg сайты ишке киргизилип, кыргыз жана орус тилдериндеги “Акча алиппеси” аттуу басылмалар чыгарылып, атайын китепчелер даярдалууда.

Дүйнөлүк акча жумалыгын Кыргызстанда уюштурууга быйыл Улуттук банк менен бирге башка финансылык, эл аралык уюмдар жана ассоциациялар да катышууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG