Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

Назарбаев бешинчи ирет президенттик шайлоого барат


Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын курултайында. Астана, 11-март 2015
Нурсултан Назарбаев "Нур Отан" партиясынын курултайында. Астана, 11-март 2015

Нурсултан Назарбаев 26-апрелде президенттик шайлоого катышат. Бул жөнүндө ал башкаруучу “Нур Отан” партиясынын курултайында жарыялады. Астанадагы курултайда Назарбаев президенттикке талапкер деп көрсөтүлдү.

Нурсултан Назарбаев 1991-жылы 10-декабрда эгемен Казакстандын тунгуч президенти болуп шайланган. Ага дейре 1989-жылдан тартып республикалык компартиянын биринчи катчысы эле.

74 жаштагы Назарбаев 6-мартта “балким декорацияны өзгөртүү зарылдыр” деп, шайлоого катышпасы мүмкүн деген каңшаарды жараткан.

Президенттик жана парламенттик шайлоо 2016-жылы болмок, бирок Казакстан Элдер ассамблеясынын сунушу боюнча апрелге жылдырылган. Парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө өтөт.

XS
SM
MD
LG