БУУнун Аялдар боюнча комиссиясынын 59-сессиясында Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун себептери, ага каршы күрөшүү жолдору, гендердик теңчилик жана коомдогу аялдардын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча талкууларга катышууда.
Аталган сессия аялдардын жана кыздардын абалын жакшыртуу боюнча Пекин платформасынын 20 жылдыгына арналган. Ага катышып жаткан кыргыз делегациясынын курамында вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, БУУдагы Кыргызстандын өкүлү Таалайбек Кадыров, Жогорку Соттун жетекчи орун басары Гүлбара Калиева жана башкалар бар.
Кыргызстан аялдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча БУУнун конвенциясына 1996-жылы кошулган. Буга карабай өлкөдөгү гендердик теңсиздик көйгөй жаратып келатканын укук коргоочулар белгилөөдө. (AzK)