Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:19

Столтенберг: Орусиялык аскерлер дале Украинада калууда


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

Бул жөнүндө НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг 11-мартта Бельгиянын Монс шаарындагы жыйында билдирди жана Москваны аскерлерин Чыгыш Украинадан чыгарып кетип, жикчилерди колдоону токтотууга чакырды.

Альянстын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Филип Бредлоу Украинанын чыгышындагы айрым жерлерде ок атуу токтогонун, бирок оор техника уруш тилкесинен чыгарылганын билүү катаал экенин айтты.

- Орусия - Украина чек арасы ачык болгондуктан Донбасста канча орус аскери бар экенин билип болбойт, - деп кошумчалады америкалык генерал.

15-февралда жетишилген келишимден кийин согуштук аракеттер азайган жана тараптар кээ бир оор техникасын майдандан артка алып кеткен. Былтыр апрелден бери украин армиясы жана орусиячыл жикчилер ортосунда жүрүп жаткан согушта 6 миңден ашуун адам өлдү.

XS
SM
MD
LG