Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:04

Атамбаев чет элдик инвесторлорду чочулабоого чакырды


Алмазбек Атамбаев. 11-март, 2015-жыл
Алмазбек Атамбаев. 11-март, 2015-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 9 мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алып жатып аларды эң башкысы соода-экономикалык алаканы активдештирүү маселесине басым жасоого чакырды.

Атамбаев өлкөдө өтө кыйын, татаал мезгилдер артта калганын белгилеп, азыр чочулабастан ишенимдүү түрдө четтен инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк жана шарт бар экенин белгиледи. Бул үчүн өлкөдө тийиштүү экономикалык жана укуктук база түзүлгөнүн кошумчалады.

Буга чейин Евразия өнүктүрүү банкы 2014-жылы Кыргызстанга 187 миллион доллар инвестиция салынганын, бул 2013-жылга салыштырганда 70 пайыз төмөн экенин маалымдаган болчу. Экономика министрлиги бул маалыматты четке кагып, 2014-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен түз инвестиция 35 пайыз кыскарганын билдирген.

Бүгүн кыргыз мамлекетинин башчысына ишеним грамоталарын Аргентина, Индонезия, Чехия, Оман султанаты, Фиджи, Бруней, Дания, Босния жана Герцеговина, Кипр өлкөлөрүнүн элчилери тапшырды. (AzK)

XS
SM
MD
LG