Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Чалдыбарда Казакстанга тапанча алып бараткан жаран кармалды

Чалдыбар чек ара бекети
Чалдыбар чек ара бекети

Кыргыз-казак чек арасындагы Чалдыбар бекетинде коңшу республикага курал алып өтүүгө аракет жасаган кыргызстандык жаран кармалды. Окуя 10-мартта болгонун бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Октолгон газ тапанчасын мыйзамсыз алып жүргөн жаран Панфилов райондук милициясына өткөрүлүп берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG