63 жаштагы Мухаммад Садык 10-мартта Ташкентте өзү эмгектенген Ислам университетинде баскетбол ойноп жатып жүрөгү токтоп калган болчу. Анын тажиясына миңдеген адамдар катышты.
Мухаммед Садык СССР кыйраган тушта Борбор Азия жана Казакстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын төрагасы - муфтий болгон, СССРдин эл депутаты болуп шайланган. Өзбекстан бийликтери тарабынан куугунтукка алынгандыктан 1990-жылдардын башында үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кеткен жана мекенине 2000-жылдардын ортосунда кайтып келген.
Ал Борбор Азия элдеринин үрп-адаттарына ылайыкташкан Исламды ташбыйкаттап, көптөгөн илимий жана диний эмгектерди жазган.
Исламчыл террорчуларды жана “Ислам мамлекети” согушкер тобу сыяктуу уюмдарды тартынбай сындаган. Соңку жылдары ал маалымат каражаттарына такыр эле интервью бербей калган болчу.