Жылдызкан Жолдошева "Ата Журт" фракциясынын аны лидерликтен алуу тууралуу чечимин мыйзамсыз деп атады.
- Жобо боюнча лидердин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда фракциянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин ачык добушу менен гана токтотулушу мүмкүн. Бирок бул маселе фракциянын күн тартибине киргизилген да эмес, ачык добуш берүү да болгон жок. Канча добуш топтолду билбейм, бирок менин колумда 8 депутат койгон кол тамгасын кайра чакыртып алганы тууралуу кагаз турат, - деди депутат.
Жылдызкан Жолдошева “Ата Журт” фракциясынын башчылыгынан алынганы тууралуу чечим бар экенин бүгүн “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясынын депутаты Кантемир Мурзабеков билдирген болчу. Анын айтымында, фракция "Жылдызкан Жолдошеванын лидер катары ыйгарым укуктарын токтотууну чечти".
Ал ошондой эле жаңы башчы шайланганча фракция башчысынын милдетин депутат Дастан Жумабеков аткарып турарын билдирген. (RK/AzK)