Гелманд провинциясынын административдик борбору Лашкар Га шаарынын четинде 10-мартта болгон бомба чабуулунда 8 адам өлүп, жыйырмадан ашуун адам жарадар болгону шаршемби күнү маалымдалды. Ооган армиясы Гелманд провинциясында талиптерге каршы чоң операция жүргүзүп жаткан.
10-мартта Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясынын борбору Пули Кумридеги оорукананынын жанында бомба жарылып, бир жаран мерт кетти жана 16 адам жарадар болгон.