Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:40

Немцовдун өлүмүнө шектелип камалган Дадаев аны өлтүрбөгөнүн айтууда


Заур Дадаев
Заур Дадаев

Заур Дадаев өзүн кыйнап жана коркутуп мойнуна алдырышканын аны менен СИЗОдо жолугушкан Коомдук байкоочулар комиссиясынын мүчөлөрүнө айтты деп жазды “Московский комсомолец” гезити. Анда укук коргоочулар Дадаевдин денесинде токмоктун изи бар экенин да билдиришкен. Гезиттин жазышынча, Дадаевге түрдүү коркутуулар менен бирге айрым убадалар берилген.

Орус оппозиционери Борис Немцов 27-февралда Кремлдин жанында атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө мурунку полициячы, чечен улутундагы Заур Дадаев баштаган беш киши шектелип, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG