Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:51

Кыргызстанда ар бир бешинчи бала суицидге барууну көздөйт


Билим берүү жана илим министрлиги социалдык педагогдордун баяндамалары боюнча иликтөө жүргүзүп, Кыргызстандагы ар бир бешинчи бала өз жанын кыюуну көздөйт деген тыянак чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди. Анын айтымында, 2013-жылы 127 бала, өткөн 2014-жылы 106 бала өз өмүрүнө кол салган. Быйыл эки айдын ичинде эле өзү каалап каза тапкан өспүрүмдөрдүн саны 21ге жетти.

Балдар өлүмүнө ата-энелер менен балдар ортосунда диалогдун азайып кеткени негизги себеп кылып көрсөтүлүүдө. Ошондой эле социалдык теңсиздик да негизги фактор. Айрым учурларда жоопсуз сүйүү ушундай кайгылуу окуялар менен бүтөрүн айтышат психологдор. (SE\ZKo)

XS
SM
MD
LG