Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

Депутат кендер боюнча парламенттик иликтөө жүргүзүүнү сунуштады


Кыргызстандын кен байлыктарын сыртка мыйзамсыз чыгарып кетүү маселесине байланыштуу парламенттик иликтөө жүргүзүү керек. Мындай сунушун бүгүн парламенттин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаев айтты.

Ал "Азаттыктын" Чаткалдагы сурма кендеринин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу атайын иликтөөсүн мисал келтирип:

- Кыргызстандан Кытайга аткезчилик жолу менен сурма рудасын алып чыгып кетип жатканы тууралуу кадыр-барктуу эксперттердин сөзү келтирилди. Бул жалгыз мисал эмес. Мурдараак ушундай жол менен Казакстанга алтындын кумун ташып кетип жатышканы тууралуу да кабар чыккан. Биз муну өз колубузга албасак бийликтин башка бутактары карабайт окшойт, - деди. (RK)

XS
SM
MD
LG