Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Нарында мал уурдаган топтор колго түштү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, облуста мал уурулук боюнча быйыл эки ай аралыгында 17 факт катталып, алардын 11инин бети ачылды. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында кылмышка шектүү эки кылмыш топ жана 14 киши кармалды. Малчылардын чыгымы жыл башынан бери 389 миң сомду түзгөн.

Өткөн жыл ичи облуста 746 баш мал уурдалып, 3 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Мал уурулукту кесип кылган 54 адам катталып, анын ичинен 24 адамдан турган 9 кылмыштуу топ кармалган. Нарында мал уурулук жалпы кылмыштардын бештен бир бөлүгүн түзөт. (MiK/AzK)

XS
SM
MD
LG