Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Биометриялык каттоо 64% аяктады


Биометриялык каттоо уланууда
Биометриялык каттоо уланууда

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда биометриялык каттоо 64% аяктап калды. Мамлекеттик каттоо кызматынан бүгүн кабарлашкандай, өзү тууралуу биометриялык маалымат тапшыргандардын саны 2 миллион 416 миңден ашты.

Алдыда дагы эле Ош шаары келатат - 88%. Ал эми эң пассивдүү Бишкек шаары болууда – 56%.

Жалпы республика боюнча биометриялык каттоого алынчулардын саны 3 миллион 777 миң киши.

Мыйзам боюнча өзү тууралуу биометриялык маалымат тапшырууга 16 жаштан улуу курактагы жарандардын баары милдеттүү. (RK)

XS
SM
MD
LG