Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:33

Ала качууга каршы кезектеги долбоор жыйынтыкталды


“Айкын багыт” коомдук фонду Кыргызстанда ала качууга каршы кезектеги маалымат өнөктүгүн жыйынтыктады. Бул тууралуу "Азаттыкка" фонддун жетекчиси Мунара Бекназарова кабарлады.

Анын айтымында, январь айынын соңунда башталган өнөктүк алкагында ала качуу салт эмес, кылмыш экенин, ар бир кыз-келин өзүн зомбулуктан коргоо укугуна ээ экенин түшүндүргөн үч видеоролик, атайын плакаттар тартылды. Алар КТРК аркылуу көрсөтүлүп, интернетке жайгаштырылды.

Кыргызстанда ала качуу кылмыш деп таанылып, ал үчүн жоопко тартуу, эркинен ажыратуу каралган. (RK)

XS
SM
MD
LG