Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Акыйкатчы: Балдарды кордогондор өмүрүнүн аягына чейин кесилиш керек


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн кылмышкерлер өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылышы керек. Мындай пикирин бүгүн акыйкатчы Бакыт Аманбаев “2014-жылы адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө” жылдык доклады боюнча коомдук угууда билдирди. Ал балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чара жүргүзүүнү сунуштоо. Аларга балдарга карата зомбулук жасаган кылмышкерлерди өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратуу, балдардын коопсуздугуна кайдыгер ата-эне, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн административдик жоопкерчиликке тартуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чаралары кирет.

Акыркы убактарда балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көп болуп жатышы коомчулукту тынчсыздандырууда.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча балдарга карата жыныстык мүнөздөгү кылмыштын саны 2013-жылы 138, 2014-жылы 140 болгон. Былтыр зомбулуктун айынан 10 бала каза тапкан. (AzK)

XS
SM
MD
LG