Орусия башчысы Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков президент оору деген каңшаарды четке какты. Песков "Эхо Москвы" үналгысына «Путин куландан соо» деп билдирди.
Путин 12-13-март күндөрү Астанада казак, белорус президенттери менен жолугушууга барбай калган эле. Кийин казак өкмөтүнүн өкүлү "Ройтерс" агенттигине «Путин ооруп калган окшойт» деген.
62 жаштагы Путинди акыркы жолу теледен 5-мартта Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен жолугушуусунда көрүшкөн эле.
Песков Путин «керээлден кечке жыйын өткөрүп, кризиске байланышкан маселелер менен колу бошобой жатат» деп ырастады.