Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Ооганстанда президенттикке талапкер аялдын өлүгү табылды


Мурдагы депутат жана убагында президенттикке талапкер болгон Шахла Аттанын өлүгү табылды. Кабул полициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектеген Фарид Агзали "Азаттыкка" Аттанын өлүгү бүгүн баш калаадагы үйүнөн табылганы билдирди.

Агзали тергөө жүрүп жатат деп айтуу менен чектелди.

50 жаштагы Атта 2009-жылы президенттик шайлоого катышкан эле. Ал парламентте көз карандысыз депутат болгон.

XS
SM
MD
LG