Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Ат-Башыда кутурма чыкты


Нарындын Ат-Башы районунда кутурма чыкканын бүгүн "Азаттыкка" Нарын облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынан кабарлашты. ​

Кутурма илдети Жибек Жолу айылында 1 букадан жана Ак-Сай өрөөнүндөгү Сары-Иймек кыштоосунан 1 козу, 1 эчкиден чыкканы текшерүүдөн кийин аныкталган.

Инспекциянын билдиришинче, оору тоодо жүргөн малды түлкү тиштегенден улам жуккан.

Учурда кутурма чыккан малдын тегерегиндеги мал жандык текшерүүдөн өтүп жатат жана жолбун иттерди атуу иши жүрүүдө деп инспекциянын башчысы Жалил Алымкулов билдирди. (MiK)

XS
SM
MD
LG