Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Ошто нандын баасы көзөмөлгө алынат


Ошто нандын салмагы баасына жараша болуусу талап кылынат. Бул тууралуу «Азаттыкка» КРнын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы күрөш агенттигинин Ош облустук бөлүмүнүн башчысы Жанболот Айбашев билдирди.

- Сапат боюнча атайын коомдук комиссия нандын баасына жараша салмагын аныктап чыкты. 10 сомдон сатылган нан салмагы 200 граммдан кем эмес, 15 сомдук нан 315 грамм жана 20 сомдон сатылган нан 415 граммдан кем болбошу керек, - дейт Жанболот Айбашев.

Ош шаарында 300гө жакын навайкана расмий катталган. Бирок бейрасмий саны миңден ашары айтылып жүрөт.

КРнын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы күрөш агенттиги 9 азык-түлүктүн баасын көзөмөлдөйт . (YI)

XS
SM
MD
LG