Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Ош: үй-бүлөдө зомбулукка кабылган аялдардын саны өсүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асилбекова билдирди. Анын айтуусунда, кризистик борборго кайрылган аялдардын саны былтыркыга караганда 122 аялга көп.

2013-жылда борборго 737 аял кайрылган болсо, 2014-жылы алардын саны 859 аялды түзгөн. Адистердин айтымында, үй-бүлө зомбулугун токтотуу мүмкүн эмес, бирок анын санын кыскартууга болот. Ал үчүн үй-бүлөдө тарбия жакшырып, укук коргоо органдарынын үй-бүлө зомбулугу менен иштөө ыкмалары өзгөрүшү керек.

2014-жылы Араван районунун үй-бүлө мүчөлөрү жүрүм-туруму жаман деген жүйө менен келинин өлтүрүшкөнү ачыкталса, Ош шаарынын тургуну кызынын тарбиясыздыгы үчүн айыптап, 40 жыл бирге жашаган аялын бычактап салганы аныкталган. Бул жылдын башында кызганыч айынан аялын сабап өлтүргөн соң өзүн өзү асынып алган факты Кара-Суу районунда катталды. (YI)

XS
SM
MD
LG