Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Cогуштун катышуучулары күн өткөн сайын азаюуда


Кыргызстанда Экинчи Дүйнөлүк согуштун катышуучуларынан 1179 гана киши калды. Алардын ичинде согуштун 1113 ардагери, Ленинград блокадасынын 34 катышуучусу, концлагердин отуз эки туткуну бар.

Социалдык өнүктүрүү министрлиги күн өткөн сайын согуштун катышуучуларынын катары азайып баратканын белгилеп, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын белгилөө дагы канча ардагердин бактысына жазылганын айтуу кыйын экенин маалымдады.

Быйыл 9-майда фашисттик Германиянын талкаланышына 70 жыл толот. Бул майрамга карата бир катар долбоорлор иштеп, Экинчи Дүйнөлүк согуш, Улуу Жеңиш, согуштун баатырларына арналган китеп-эскермелер жарык көрүүдө. Ошондой эле социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан бул мааракенин урматына согуштун ардагерлери 15 миң сомдон акчалай сыйлык алат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG