Бишкектин Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде кечээ кечке жуук саат сегиздерде 4 индиялык жаранды белгисиз бирөөлөр сабап, тоноп кетти. Бул туурасында окуяга күбө болгон “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.
Буга чейин Бишкекте Индиядан келип окуп жаткан студенттерди тоноп, акчасын алып кеткен эки топ кармалган.
Шаардык Ички иштер башкармалыгы 6-март күнү кечинде ушул эле Турусбеков көчөсүндө тоноочулук кылып, индиялык жарандын эки миң сомун алып койгон үч жигит колго түшкөнүн билдирген.
Андан сырткары, 7-март күнү Тыныстанов көчөсүндө дагы бир индиялык жаранды бычак менен коркутуп, төрт миң сомун алып кеткен үч жигит кармалган. Тоноочулукка шектелгендердин баары 18-22 жаштагы жергиликтүү тургундар. (AzK)