Кыргыз өкмөтү дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн быйыл 5 миллиард сом бөлөт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Кечээ парламентте жазгы талаа иштерине даярдык начар болуп жатканы катуу сынга алынган. Депутаттар былтыр 1-апрелге чейин дыйкандарга 3 миллиард сом насыя берилгенин, быйыл бул иш кечеңдеп жатканын айткан.
Өкмөттүн маалыматына караганда, былтыр насыя алууда айрым мыйзамсыз жагдайлар катталгандыктан быйыл эреже бир аз өзгөртүлгөнүнө байланыштуу убакыт кетип калды. (RK)