Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Милиционерди өлтүргөн жаран өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажырады


Милиция кызматкерин атып өлтүргөн деп айыпталган Александр Саяпин боюнча сот чечими чыкты. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 12-марттагы өкүмү менен аны өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратып, болгон мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерди.

Буга чейин Саяпинди жаап-жашырган, анын колундагы куралды каткан деген айып менен кошунасы, 1950-жылы туулган Наталья Мезина 6 жылга эркинен ажыратылган.

2014-жылдын 14-ноябрында Бишкекте мурда курал сактаганы үчүн кесилип, түрмөдөн качып кеткен 42 жаштагы Александр Саяпинди кармоо учурунда ал куралдуу каршылык көрсөтүп, шаардык милициянын кызматкери, 28 жаштагы Бакай Сыдыгалиевге ок ачкан. Сыдыгалиев ошол жерде жан берген.

Александр Саяпин качып кетип, кошунасы Наталья Мезинанын үйүндөгү жертөлөдөн табылган.(AzK)

XS
SM
MD
LG