Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Сокулукта айыл башчы аял тургунду кабыл алуудан баш тартты


Бул туурасында “Азаттыкка” Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылынын тургуну Орозгүл Исабаева билдирди. Айтымында, ал айыл өкмөт башчысы Рамазан Басаровго Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан ижарага жер алуу маселеси боюнча кайрылган. Бирок Басаров Исабаеваны“шариятта эркекке аял киши менен жалгыз бетме бет сүйлөшүүгө болбойт” деп чыгарып салган.

Айыл башчы Рамазан Басаров "Исабаева кайра-кайра келе бергендиктен аял киши үйдө балдарын багып отурарын эскертип, маселени чечүүгө күйөөсүн чакырганын" билдирди.

Сокулук районунун акимчилиги мамлекеттик кызматкер мындай сөз айтуусу мүмкүн эместигин билдирип, окуяны иликтей турган болду. (AzK/SA)

XS
SM
MD
LG