Бул туурасында мамлекеттик бийлик бутактарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана жарандардын кызматташтыгын чыңдоо боюнча Бишкекте өтүп жаткан жыйында айтылды. Ысык-Көлдөгү өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмил Каптагаев ирилештирүү боюнча сунуштар даярдала турганын билдирди. Жыйынга өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик башчылары, донордук уюмдар жана жарандык коом өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.
Эки күндүк иш-чарада мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жарандык коом жана ишкерликтин күчүн бириктирүү менен башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөшүү жана башка маселелер талкууланат. (AzK\EBM)