Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:43

"Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" обондуу ырлар китеби чыкты


"Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" обондуу ырлар китеби
"Мен дүйнөнү апам менен тааныгам" обондуу ырлар китеби

“Мен дүйнөнү апам менен тааныгам” аттуу обондуу ырлардан турган китепке обончу Колдошовдун элүүгө чукул чыгармасы ноталары менен кирди. Китептин башкы редактору Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, ыр жыйнак усулдук колдонмо катары балдардын музыкалык мектептерине, атайын музыкалык орто жана жогорку окуу жайларына, жалпы билим берүү мекемелерине, ыр сүйүүчүлөрүнө арналат.

Жаш обончу Түмөнбай Колдошов эл оозунда ырдалып жүргөн “Сагындыңбы?.. Мен да сагындым...”, “Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен”, “Ошту неге сен сагынбай жүрөсүң”, “Жарты кайык” ж.б ырлардын автору. (ZA)

XS
SM
MD
LG