Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Композиторлор союзунун 75 жылдыгына арналган концерт өтөт


16-март, дүйшөмбү күнү Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында Композиторлор союзунун түзүлгөнүнүн 75 жылдыгынын алкагында симфониялык музыка концерти болот.

Ага Асанкан Жумакматов атындагы академиялык симфониялык оркестр, камералык хор, солисттер Айша Кудайбергенова (фортепиано), Бактыгүл Бокоева (сопрано) жана Бакыт Ыбыкеев (баритон) катышат.

Концертте симфониялык чыгармалар, балеттерден сюиталар, опералардан үзүндүлөр жаңырат.

Кыргызстан Композиторлор союзу 1940-жылы 1-январда түптөлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG