Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, Ташкент жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен кармалган 41 жаштагы жарандын жанынан ичинде "спайс" салынган полиэтилен баштыкча табылган.
Иликтөө иштеринин жыйынтыгында ал жашаган батирден 0,3 грамм жыты жок ак түстөгү зат салынган баштыкчалар жана электрондук тараза табылган. Кармалган киши сурак учурунда Казакстандын жараны менен бирге Алматыдан 45 миң теңгеге 3 грамм "спайс" маңзатын сатып алып келгенин айткан. Ал маңзат даярдоону жана сатуу схемасын түшүндүрүп берген.
Экөө интернет аркылуу Skype менен кардар таап сатып жүргөн. Жыл башынан бери 50 грамм даяр "спайсты" граммын 500 сомдон сатып үлгүргөн.
Ички иштер министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашкандай, азыркы мыйзамдар боюнча "спайс" Кыргызстанда тыюу салынган маңзаттар тизмесине кирбейт. Андыктан ал үчүн кылмыш жообуна тартуу мүмкүн эмес. Бирок заттын адамдын психикасына терс таасирин эске алуу менен шектүү жарандар көзөмөлгө алынууда. (AzK)